2026-жылдын 13-апрелинде Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинин «Лингвистика. Англис тили» багытынын базасында «Innovative Methods of Teaching English in Educational Institutions» аттуу жогорку окуу жайлар аралык студенттик конференция өткөрүлдү.
Иш-чарага Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Ала-Тоо эл аралык университетинин жана Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинин студенттери катышты.
Конференциянын жүрүшүндө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Чет тилдер институтунун студенттери өзгөчө активдүүлүгү жана жогорку даярдыгы менен айырмаланды.
Айрыкча, Чет тилдер институтунун 4-курс студенттери Айбек кызы Перизат, Вороная Ксения жана Рахматулаев Вайсидин өздөрүнүн илимий баяндамалары менен өзгөчө белгиленип, англис тилин окутуунун инновациялык ыкмалары боюнча терең жана мазмундуу изилдөөлөрүн сунушташты. Алардын баяндамалары заманбап билим берүү талаптарына шайкеш келип, санариптик технологияларды колдонуу, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү жана интерактивдүү окутуу ыкмалары сыяктуу актуалдуу маселелерди камтыды.
Аталган студенттердин илимий иштери катышуучулар арасында чоң кызыгуу жаратып, активдүү талкуулар менен коштолду. Бул болсо Чет тилдер институтундагы билим берүүнүн сапатынын жогору экенин жана студенттердин илимий-изилдөөчүлүк потенциалынын күчтүү экенин дагы бир ирет далилдеди.
Жалпысынан конференция студенттер үчүн тажрыйба алмашуунун, жаңы идеяларды жаратуунун жана кесиптик өнүгүүнүн маанилүү аянтчасына айланып, жогорку деңгээлде уюштурулган иш-чара катары бааланды.
Конференциянын соңунда бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
(С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары