Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ №369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уӊгужолу жөнүндө” жарлыгынын алкагында 2026-жылдын 14-апрелинде Кыргыз филологиясы факультетинде “Уӊгужол – өткөн менен бүгүнкүнү байланыштырган көпүрө” деген аталышта иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын максаты кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана руханий дүйнөсү анын уӊгужолунда сактала тургандыгын, ал элдин мурасы, салты, үрп-адаты, акыл-насааты, баалуулуктары экендигин студенттерге жайылтууга негизделип, руханий баалуулуктарды унутпай, аны урматтап, даңазалоого багытталган. Кече кыргыз элинин тарыхый басып өткөн жолун, маданий мурастарын, улуттук баалуулуктарын дагы бир жолу эске салып, алардын маанисине тереңирээк үңүлүүгө өбөлгө болуу максатында уюшулду.
Иш-чара Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде бөлүмүнүн КТАОМ-1-24 тайпасынын студенттери тарабынан демилгеленди. Кыргыз филологиясы факультетинин деканы, доцент Б.Жайлообаев жана кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын башчысы, доцент Н.Осмонова сөз сүйлөп, иш-чараны ачып беришти.
Студенттер кыргыз элинин тарыхта калган чыгаан уул-кыздарынын, алсак, Курманжан датка, К.Тыныстанов, Ж.Абдрахманов сыяктуу белгилүү инсандарынын тарыхый ордун алардын ишмердүүлүгүнөн, басып өткөн жолунан үзүндүлөрдү көрсөтүштү. Бул кече мазмундуу өтүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Ошондой эле студенттер тарабынан уюштурлган мазмундуу иш-чара ар бири жарандын жүрөгүндө мекенчилдик сезимди ойготот деп ойлойбуз.
Иш-чарага факультеттин студенттери, профессордук-окутуучулук курамы активдүү катышып, кеченин соңунда уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиришти.
(С) Г.Абдыкадырова — доцент