2026-жылдын 10-апрелинде Казакстандын Семей шаарындагы Шакарим университетинде «Математика жана жасалма интеллект: илим менен билим берүүнүн кесилишинде» аттуу эл аралык илимий-практикалык форум болуп өттү.
Форумга жергиликтүү жана чет өлкөлөрдөн келген математика багытындагы окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, мектеп мугалимдери жана билим берүү тармагындагы адистер катышып, математика менен жасалма интеллекттин өз ара байланышы, санариптик технологияларды билим берүү системасына интеграциялоо маселелери боюнча кеңири пикир алышышты.
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институтунун окутуучулары форумга активдүү катышып, өздөрүнүн илимий баяндамаларын жана тажрыйбалык мастер-класстарын жогорку деңгээлде сунушташты.
Пленардык жыйында п.и.к., доцент Назира Кайдиева «Совершенствование математических знаний студентов в условиях искусственного интеллекта» аттуу баяндамасын жасап, жасалма интеллект доорунда студенттердин математикалык билимдерин өркүндөтүүнүн жаңы ыкмалары, сайттары, платформалары тууралуу өз ойлорун бөлүштү.
Секциялык жыйындарда төмөнкү окутуучулар мазмундуу баяндамалар жана мастер-класстар менен чыгышты:
- Ф-.м.и.к., доцент Айсулуу Эгамбердиева «Национальные игры как инструмент цифровой трансформации на уроках математики» аттуу баяндама;
- ага окутуучу Айнек Кочорова «Применение инструментов ИИ в обучение математике» аттуу мастер-класс;
- п.и.к., доцент Света Кабылова «Эффективные использование интерактивных платформ при обучении математике: онлайн-сервисы, викторины, игровые технологии и симуляции» аттуу мастер-класс өткөрдү.
Форум илим менен билим берүүнүн байланышын чыңдоого, инновациялык идеяларды өнүктүрүүгө жана эл аралык академиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө олуттуу салым кошту.
Иш-чаранын соңунда аталган окутуучуларга уюштуруучулар тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылып, алардын илимий-методикалык салымы жогору бааланды.
(С) Айсулуу Эгамбердиева — директордун илимий иштери боюнча орун басары