2026-жылдын 11-апрелинде Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунда (ККДКЖИ) «Мектеп чөйрөсүндөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу (укуктук коргоо жана психологиялык-педагогикалык колдоо)» деген темада Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чара Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Беларустун юриспруденция, психология жана педагогика тармагындагы алдыңкы эксперттеринин башын бириктирди. Конференцияда ККДКЖИнин директору А.К.Кулбаев, Билим берүүнү маалыматташтыруу академиясынын мүчө-корреспонденти В.А.Благовестов (РФ), «EduHub EECA» Башкармалыгынын төрагасы Виталий Никонович (Беларусь), о.э. Россиянын жана Казакстандын алдыңкы университеттеринен илимдин докторлору жана кандидаттары маанилүү баяндамаларды жасашты. Мындан тышкары, Жогорку Кеңеш Аппаратынын, ИИМдин жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Конференциянын катышуучулары тез арада өнүгүп жаткан санариптештирүү кибербуллинг жана социалдык остракизмдин өсүшүнө алып келгенин белгилешти. Мониторингдин жыйынтыктары көрсөткөндөй, зордук-зомбулуктун жашыруун мүнөзү өсүп келе жаткан муундун менталдык ден соолугуна жана окуудагы ийгиликтерине терс таасирин тийгизүүдө.

Форумдун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган резолюцияда эксперттер бир катар радикалдуу чараларды сунушташты:

  • КР Жогорку Кеңешине «онлайн-агрессия» түшүнүгүн жана ал үчүн жоопкерчиликти мыйзам жүзүндө бекитүү сунушталды.
  • «Аракеттенүүнүн бирдиктүү протоколу»: Баланы коргоодо бюрократиялык кечиктирүүлөрдү жоюу үчүн мекемелер аралык (Юстиция + Билим берүү) алгоритм түзүү.
  • Мектептер менен Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын (ЖИИ) ортосунда ыкчам маалымат алмашуу үчүн санариптик платформаны ишке киргизүү.

Мектептерде Жараштыруу кызматтарын түзүү артыкчылыктуу багыт катары табылды. Анда атайын окутулган медиаторлор (анын ичинде жогорку класстын окуучулары) жазалоо чараларын колдонбостон, конфликттерди чечүүгө жардам беришет.

КНУнун базасында тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары үчүн «Билим берүү чөйрөсүндөгү медиация» багыты боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарын ачуу да сушунталды

 Адистер менен камсыздоо нормалары:

  1. Кадрдык стандарт: 300 окуучуга кеминде бир психолог туура келиши керек.
  2. Ата-энелер университеттери: Мектептердин базасында ата-энелерге балдардагы кризистик абалды таануу көндүмдөрүн үйрөтүү борборлорун түзүү.
  3. Билим берүү: Бардык болочок педагогдорду даярдоо программасына конфликттерди башкаруу курстарын киргизүү.

Уюштуруучулар белгилегендей, бул чараларды ишке ашыруу мектептеги коопсуз чөйрөнү түзүүгө жана жаш муундун өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

(С) Супатaeвa Ж.Э. — ККДКЖИ директорунун илимий иштер боюнча орун басары, ю.и.к.

Добавить комментарий