2026-жылдын 8-апрелинде Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин окутуучулары менен студенттери Аламүдүн районуна караштуу А.Сүйүмбаев атындагы Орто-Алыш орто мектебинде уюшулган кесиптик багыт берүү иш чарасына катышып келишти.
Алар Байтик, Кашка-Суу, Башкара-Суу айылдарынын бүтүрүүчү класстарынын окуучулары менен жолугушуу өткөрүп, окуучулардын кесип тандоосуна туура багыт берип жана мамлекеттик кызматтын азыркы коомдогу маанилүү ролун түшүндүрүп беришти.
Студенттер факультететтеги жетишкендиктер, билим берүү, илимий изилдөө, коомдук иш-чаралар, тарбиялык иштер, студенттик кызыктуу жашоолору жөнүндө малыматтары менен бөлүшүп, болочок абитуриенттердин кызыккан суроолоруна жооп беришти.
(С) Сатыбалдиева А.К. — доцент


