2026-жылдын 8-апрелинде Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун кызматкерлери менен студенттери 7-апрель — Элдик революция күнүнө карата «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, эскерүү иш-чарасын өткөрүштү.

Иш-чарага тарбия иштери боюнча директордун орун басары Сейдракманов Т.Н., программалык инженерия окуу программасынын жетекчиси Баялиева Э.Ж. жана доцент Кулбачаев Д.К жетекчилик кылышты. Алар менен бирге ПИ-1-1-25, ПИ-2-2-25 жана ИСТ-2-25 топторунун студенттери катышты.

Ата-Бейит мемориалдык комплексине болгон сапардын негизги максаты – Элдик революциянын тарыхый маанисин түшүндүрүү, мекен үчүн курман болгон баатырларды эскерүү жана жаш муундардын патриоттук сезимин күчөтүү болду. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар курман болгондорго таазим этип, эстеликке гүл чамбарларды коюшту жана алардын эрдиги тууралуу маалымат алышып жыйынтыгында куран окулду.

Мындай тарбиялык иш-чаралар студенттердин жарандык жоопкерчилигин арттырып, улуттук баалуулуктарды урматтоого өбөлгө түзөт. Институт мындан ары да тарыхый эстеликтерге баруу жана коомдук маанидеги иш-чараларды уюштуруу аркылуу жаштарды тарбиялоо иштерин улантат.

(С) Сейдракманов Т.Н. — тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий