2026-жылдын 8-апрелинде И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Жаштар каада-салт, нарк-насилеге кандай карашат?» аттуу студентик дебаттык клубдар аралык чоң талкуу болуп өттү.
КР Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» жана «Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү» тууралуу жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында жана кыргыз тилинин мамлекеттик макам алгандыгынын 36 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага Ж.Баласагын атындагы КУУнун, Эл аралык Кувейт университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана И.Раззаков атындагы КМТУнун дебаттык клубдарынын мүчөлөрү катышты.
КУУнун «Философия» адистигинин студенттеринин «Билги» командасын Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун (СГИИ) философия кафедрасынын доценти, ф.и.к. Аалиева Н.К. жана окутуучу Кадырова Э.Б. жетектеп барышты.
Талкууда «Билги» дебаттык клубу каада-салт менен заманбап коомдун ортосундагы байланышты терең талдап, улуттук баалуулуктарды сактоонун маанилүүлүгүн илимий жана практикалык өңүттөн негиздеп беришти.
Катышуучулар заманбап кийим стилин кыргыздын улуттук элементтери менен айкалыштырып, өзгөчө имидж жарата алышты.
Бардык чыгуулар жана талкуулар эне тилде жүрүп, студенттердин чечендик өнөрү жана мамлекеттик тилге болгон терең сый-урматы байкалды.
КУУнун «Билги» дебаттык клубу бул иш-чара башка окуу жайлардын жаштары менен тажрыйба алмашууга, улуттук идеологияны калыптандырууда жаштардын ордун аныктоого чоң өбөлгө болгонун белгилешти.
«Билги» дебаттык клубунун өзгөчөлүгү — команданын аталышын жана эмблемасын чечмелөөдө болду.
Команда мүчөлөрүнүн «Билги» сөзүн жана эмблеманы төмөндөгүдөй чечмелөөсү жогору бааланды:
- Билги (Билимдүү) — бир нерсени жакшы билген, терең билими бар адам (Знаток).
- Акылман (Даанышман) — акылы тунук, турмуштук тажрыйбасы мол адам (Мудрец).
- Көсөм — чоң иштерди алдын ала көрө билген жана чеберчилик менен пландаган адам (Стратег).
- Элчил (Машыккан) — конкреттүү кырдаалда ишти ийгиликтүү бүтүрө билген адам (Тактик).
Жалпысынан алганда, эмблема билимдин жана дебаттын салттуу символдорун жергиликтүү маданий элементтер менен айкалыштырып, клубдун интеллектуалдык талкуулардын жана акылмандык издөөнүн борбору катары маңызын чагылдырат.
Бул иш-чара жаштар арасында улуттук баалуулуктарды жайылтууга жана ар кайсы окуу жайлардын студенттеринин ортосунда интеллектуалдык көпүрө курууга чоң салым кошту.
Мындай жолугушуулар университеттер аралык байланышты чыңдоого жана студенттердин коомдук-маданий турмуштагы активдүүлүгүн арттырууга багытталган.
(С) Аалиева Нурзат — философия илимдеринин кандидаты, СГИИнин философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын доценти