2026-жылдын 5-апрелинде Юридикалык институттун «Бажы иши» адистигинин 1-4 курс студенттери маданий-эстетикалык тарбия алуу максатында Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына барышты. Студенттер кыргыз драматургиясынын классиги, белгилүү драматург Бексултан Жакиевдин калемине таандык «Атанын тагдыры» спектаклин көрүп, терең таасирленип кайтышты.

Бул сапар студенттердин бош убактысын маанилүү өткөрүү менен бирге, алардын руханий дүйнөсүн байытууга жана ата-бабалардын басып өткөн татаал жолун, адамдык бийик сапаттардын баалуулугун терең сезүүгө мүмкүнчүлүк түздү. “Атанын тагдыры” өзүнүн философиялык тереңдиги жана адамдын ички дүйнөсүн ачып берүүсү менен айырмаланган психологиялык  чыгарма.

Согуштан кара кагаз келсе да, баласын күтүп, жол карап үмүтүн үзбөгөн атанын тагдыры… Карыганда карманаар, медер туткан жалгыз туяк… Турмуш чындыгына аргасыз баш ийген келин… Булардын бардыгын бир кайгы бириктирет-ал согуш…

 «Атанын тагдыры» драмасы согуштун азабын , атанын күйүтүн жана адамдык нарк-насилди чагылдырган терең философиялык чыгарма катары студенттерде чоң таасир калтырды. Ар бир көрүүчү чыгарма аркылуу өзүнө тарбиялык сабак ала алды.

“Биз үчүн мындай маданий иш-чаралар абдан маанилүү. Театр — бул жөн эле оюн-зоок эмес, бул жашоо мектеби. Сахнадагы оюн бизди жашоонун маңызы тууралуу терең ойлонууга мажбур кылды. Өзгөчө, атанын эрдиги, сабырдуулугу жана үй-бүлөгө болгон чексиз сүйүүсү таасирдүү чагылдырылган. Актерлордун жогорку чеберчилик менен аткаруусу аркылуу согуштун трагедиясын жана атанын бекемдигин сезе алдык. Ошону мене бирге эле,  келечектеги бажы кызматкерлери  катары биз үчүн мындай чыгармалар адам тагдырына кайдыгер карабастан, жоопкерчиликтүү мамиле жасоого багыт көрсөтөт», — деп белгилешти студенттер.

Мындай маданий иш-чаралар студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүү менен бирге, алардын кесиптик жолундагы адамгерчилик баалуулуктарын чыңдоого кызмат кылат.

Театр сапары жакшы маанай жана студенттердин таасирдүү эскерүүлөрү менен жыйынтыкталды.

(С) Р.Т. Ибраимов — Укук таануу жана бажы иши кафедрасынын башчысы

Добавить комментарий