2026-жылдын 3-апрелинде Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде бөлүмүнүн студенттерине «Махмуд Кашгари жана кыргыз тилинин тарыхый булактары» аттуу конок лекция өткөрүлдү.
Аталган лекция кыргыз тилинин тарыхы дисциплинасынын алкагында уюштурулуп, студенттердин илимий көз карашын кеңейтүү жана улуттук тилдик мурастарга болгон кызыгуусун арттыруу максатын көздөдү.
Лекцияга түркология жана кыргыз тилинин тарыхы багытында изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жаткан Султаналиев Ишенбек агай чакырылып, ал өз баяндамасында кыргыз тилинин уңгулук өнүгүү жолуна, байыркы түрк тилдери менен болгон байланышка жана Махмуд Кашгаринин илимий мурасынын маанисине, кыргызча которуу иштеринин жүрүшү, кыйынчылыктары, жетишкендиктери, ийгиликтерине кеңири токтолду.
Айрыкча улуу ойчул Махмуд Кашгаринин «Дивани лугат ат-түрк» эмгегинин түрк тилдеринин тарыхын изилдөөдөгү орду, анын лексикалык жана этномаданий баалуулугу студенттер үчүн кызыктуу жана пайдалуу маалымат катары белгиленди.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер активдүү катышып, суроолорду берип, илимий талкууга катышышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында кафедра жамааты тарабынан конокко ыраазычылык билдирилип, мындай илимий жолугушууларды мындан ары да улантуу зарылдыгы белгиленди.
Бул конок лекция студенттердин кыргыз тилинин тарыхына болгон кызыгуусун арттырып, улуттук тилдик мурастарды тереңирээк өздөштүрүүгө өбөлгө түздү.
(С) А.Беншкемпирова — доцент