2026-жылдын 6-апрель күнү математика жана информатика институтунда заманбап билим берүүнүн актуалдуу маселелерине арналган «Математиктердин кабылдоосундагы жасалма интеллект» аттуу тегерек стол болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты — Кыргызстандын билим берүү системасынын 12 жылдык моделге өтүүсү жана STEM багытынын өнүгүү контекстинде жасалма интеллекттин (ЖИ) математикалык билим берүүдөгү ролун, келечегин талкуулоо. Ошондой эле, окутуу процессинде математикалык ЖИ куралдарын туура колдонуу, студенттердин ой жүгүртүүсүнө технологиянын тийгизген таасирин талдоо жана мугалим менен ЖИдин кызматташуу моделин иштеп чыгуу маселелери каралды.
Тегерек столду математика жана информатика институтунун Интернет технологияларды башкаруу билим берүү программасынын ага окутуучусу Р.Ж.Муктарбекова уюштурду. Иш-чарага төмөнкүлөр катышты:
- Математика жана информатика институтунун жалпы жамааты;
- Окурмен IT окуу борборунун окуу бөлүм башчысы Тазабекова Арууке
- Педагогика факультетинин илим боюнча декандын орун басары Айсулуу Эгембердиева;
- Физика факультетинин илим боюнча декандын орун басары Гульзат Исмаилова
Тегерек стол лекциялык форматтан тышкары интерактивдүү жана практикалык элементтер менен коштолду. Негизги баяндамачы катары КМШнын эң мыкты студенти, президенттик стипендиянын ээси жана «Окурмен» окуу борборунун жетекчиси Арууке Тазабекова катышып, ЖИдин студенттердин ой жүгүртүүсүнө тийгизген таасири жана мугалимдердин өзгөрүп жаткан ролу боюнча баяндама жасады.
Программанын алкагында төмөнкү иш-аракеттер жүргүзүлдү:
- Интерактивдүү лекция “Математикадагы ЖИнин билим берүүдөгү ролу жана келечеги”
- Мини-дебат: катышуучулар «Жасалма интеллект математикти алмаштыра алабы?» деген темада эки тараптуу далилдерди келтиришти.
- Практикалык демонстрация: ЖИ аркылуу математикалык маселелерди чечүү жана алгоритмдер кетирген логикалык каталарды табуу машыгуулары өттү.
- Квиз-тест: катышуучулар смартфондору аркылуу ЖИ боюнча билимдерин текшерип, жеңүүчүлөргө эстелик белектер тапшырылды.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар жасалма интеллект адамдын акыл-эсин алмаштыра албайт, бирок ал күчтүү инструмент экенине токтолушту. Негизги корутунду катары: «Математик мугалимдин ордун ЖИ баспайт, бирок технологияны колдоно билген математик башка кесиптештеринен алдыга озуп кетиши мүмкүн» деген пикир баса белгиленди.
Тегерек столдун катышуучулары келечек технологияны өздөштүрүүдө жана аны адамдык чыгармачылык, интуиция менен айкалыштырууда экенин бир ооздон ырасташты.
(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент