2026-жылдын 1-апрелинде Кесиптик колледждин көп тармактуу адистиктер бөлүмүндө «Жаш муундардын эмоционалдык интеллекти: өзүн алып жүрүүсү жана калыптанышы» деген конок лекция уюштурулуп, ага Бишкек мэриясынын алдындагы зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам берүү борборунун тажрыйбалуу психологу Гүлзат Исабекова чакырылды.

Иш-чаранын алкагында студенттерге эмоционалдык интеллекттин мааниси, адамдын жүрүм-турумуна тийгизген таасири жана жаштардын инсан катары калыптанышындагы ролу тууралуу кеңири маалымат берилди.

Лекциянын жүрүшүндө эмоцияларды туура башкаруу, стресске туруктуулук жана коомдо өзүн туура алып жүрүү боюнча пайдалуу кеңештер айтылып, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.

(С) Токтосунова А.Т. — көп тармактуу адистиктер бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий