Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун «Программалык инженерия» билим берүү программасынын студенттери Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Binance компаниясы тарабынан Борбордук Азиядагы Америка университетинин базасында уюштурулган «Crypto Jaz» билим берүү жана маданий иш-чарага активдүү катышышты.

Аталган иш-чара студенттер жана магистранттар арасында финансылык сабаттуулукту өнүктүрүүгө, криптовалюталар жана санариптик биржалар менен иштөө боюнча практикалык билим деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле Кыргыз Республикасында Web3 технологияларын жайылтууга багытталган. Программа билим берүү сессияларын, эл аралык эксперттердин катышуусундагы баяндамаларды, криптовалюталарды жана KGST стейблкоинин колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоону, ошондой эле маданий жана интерактивдүү иш-чараларды камтыды.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар криптоэкономиканын негиздери, блокчейн технологияларынын иштөө принциптери, санариптик активдердин коопсуздугу жана аларды натыйжалуу пайдалануу жолдору боюнча кеңири маалымат алышты. Ошондой эле мастер-класстар жана интерактивдүү талкуулар аркылуу студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Мындай иш-чараларга катышуу студенттердин инновациялык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, санариптик технологияларга болгон кызыгуусун арттырууга жана келечектеги кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

(С) Джунушалиева Б.А. —  илим жана билим берүү программаларын санариптештирүү боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий