2026-жылдын 25-27 март күндөрү География, экология жана туризм факультетинин доценттери Тамара Торобекова, Раушан Осмонбекова жана ага окутуучулары Ырыскулбек Анкашов, Чынара Осмоналиева Өзбекстандын Бухара шаарында өткөрүлгөн III Түрк элдеринин эл аралык географиялык конгрессине өздөрүнүн статьялары менен катышып келишти.
Алар о.э. Самарканд мамлекеттик университетинде илимий изилдөө темалары боюнча студенттерге конок лекция өтүштү.
(С) Аида Абыкеева — — илимий иштер боюнча декандын орун басары



