2026-жылдын 31-мартында География, экология жана туризм факультетинин туризм, рекреациялык география жана экология кафедрасынын ага окутуучусу Гульнара Джумалиева Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруунун алкагында “Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастары — туризмди өнүктүрүүнүн негизи катары” деген темада тегерек стол өткөрдү.

Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин тарыхый маданий мурастарды сактоо бөлүмүнүн алдыңкы адиси Жанона Шамшиева, “Кийиз дүйнө” коомдук бирикмесинин мүчөсү Бурул Исмантаева жана Тарых жана чөлкөм таануу институтунун археология кафедрасынын ага окутуучусу Келдибек Касымкулов катышып, Кыргызстандын тарыхий-маданий мурастарынын азыркы абалы жана туризмди өнүктүрүүдө кошкон салымы боюнча студенттерге кенен маалымат беришти.

(С) Аида Абыкеева — илимий иштер боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий