Математика жана информатика институтунун жетекчилиги 4-курстун студенти Юсубалиева Айжылдызды Астана шаарында өткөн Эл аралык коркурста “Борбордук Азиянын мыкты студенти — 2026” наамына ээ болушу менен чын дилден кызуу куттуктап, ага чың ден соолук, мындан ары да окууларында албан-албан ийгиликтердин жаралышын каалайт.

Сынактын жыйынтыгы боюнча  биздин студент Борбордук Азиянын аймагындагы жаштар саясатын  өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана коомдук иш-чараларга жигердүү катышкандыгы үчүн  I даражадагы дипломго, төш белгиге жана жеңүүчүнүн кубогуна татыктуу болду.

Белгилеп кетчү нерсе, биздин номинанттын бүгүнкү сынакка катышуусунда тийиштүү документтерди  даярдоодо жетекчилик кылып, жол көрсөтүп, жыйынтыгында жеңүүчү болуп табылышына директордун тарбия иштери боюнча орун басары, ф.-м.и.к., доцент Бактияр Рахманкуловдун кошкон салымы өзгөчө зор.

(С) Фархат Назарбаев — институттун профбюросунун төрагасы, ага окутуучу

Добавить комментарий