Кыргыз Республикасынын Илим, билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2026-жылдын 10-мартындагы №137 буйругун аткаруу максатында 2026-жылдын 28-март күнү Улуттук университеттин студенттери менен кызматкерлери ишембиликке чыгышты.

Алар өздөрүнө бекитилген участоктордогу жер тилкелеринде, арыктарда жана тротуарларда санитардык тазалоо иштерин жүргүзүп, таштандыларды мурдатан аныкталган таштанды ыргытуучу жайларга чыгарышты.

Окуу имараттары менен жатаканалардын коменданттары ишембиликке чыккан студенттер менен кызматкерлерди керектүү чарба жабдуулары менен камсыз кылышты.

Белгилей кетсек, бүгүнкү ишембилик формалдуу болбой, студенттер менен кызматкерлер өздөрүнүн окуу жайынын айланасын таза кармоону жана айлана-чөйрөгө кам көрүүнү ниет кылып, жазгы маанай менен активдүү иштешти. Жыйынтыгында, университеттин айланасы бир топ тазаланып, көрккө келип калды.

Добавить комментарий