2026-жылдын 27-мартында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоевдин төрагалыгы алдында Ректорат кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө КУУнун ботаникалык багы, Билим берүү сапатынын менеджмент системасы, о.э. КУУнун окуу имараттары менен студенттик жатаканаларына байланышкан маселелер каралып, кызуу талкуулардан кийин аталган маселелерди кезектеги Окмуштуулар кеңешине алып чыгуу чечими кабыл алынды.