2026-жылдын 26-мартында Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү тарабынан башкы имараттагы Түрк мурастары борборунда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган тегерек стол гибриддик форматта өткөрүлдү.

Жыйындын максаты – Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын адабий, социологиялык жана психологиялык өңүттө талдоо аркылуу студенттердин сынчыл ой жүгүртүү, текст талдоо жана академиялык баяндама жасоо жөндөмдөрүн өнүктүрүү.

Иш-чарага Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн профессордук-окутуучулар курамы, студенттери, “Анадолу мектеби” платформасынын жетекчиси проф. Сами Гүчлү жана тышкы байланыштары боюнча координатору Селчук Чынар баштаган мүчөлөрү жана Бишкектеги Кыргыз-түрк Анадолу мектебинин директору Мустафа Арслан жана мугалимдери, жогорку классынын алдыңкы окуучулары катышышты.

Программанын ачылышында “Анадолу мектеби” платформасынын жетекчиси профессор доктор Сами Гүчлү сөз сүйлөп улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен алгач чыгармалары  аркылуу таанышып, чыгармачылык жолунда жеке өзү менен тааныш болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугун ар дайым сыймыктануу менен айтарын билдирди. Жеке инсандык, патриоттук, адамзаттык сезимдерди камтыган ар бир образ аны кыргыз дүйнөсүнө, өтмүшкө жана келечекке жетелерин жазуучу менен маектешкен учурда жеке өзүнө айтканын билдирди.  Ал өз сөзүндө жалпы катышуучуларга ыраазычылык билдирип студенттерди кунт коюп угуу үчүн атайы катышып жаткандыгын баса белгиледи.

Андан соң программада белгиленген баяндамалар өз кезеги менен окулду. Баяндамалар түрк тилинде жасалды. Жалпысынан бөлүмдөн 6 студент катышып (ЛТ-1-24 группасынын 2-курсунун студенттери), төмөндөгү темаларда баяндама жасашты.:

  • Жолчубекова Акылай. Темасы: “Cengiz Aytmatov’un Eserlerinde  Çocuk Dünyası”
  • Дүйшекеева Таңсулуу: “Cengiz Aytmatov’un Eserlerinde  İnsan, Emek ve Ötekileşme”
  • Дүйшөналиева Нураида: “Cengiz Aytmatov’un Eserlerinde Kadın Kimliği, Anne Figürü ve Toplumsal Direnç”
  • Орозбекова Жибек:Cengiz Aytmatov’un Eserlerinde  Doğa, Mit ve Varoluş”.

Тегерек столду ушул эле группанын студенттери Турусбекова Акылай жана Суусарбекова Мирзат алып барышты.

Тегерек столдо Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы бала дүйнөсү, согуш темасы, адам жана эмгек маселелери, аялдын образы, табият, миф жана экзистенция сыяктуу маанилүү темалар талкууланды.

Панелдин жүрүшүндө баяндамаларга илимий баа берүү сөзү түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн доценти Эсра Явуз Ажар тарабынан айтылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз-түрк Анадолу мектебинин директору Мустафа Арслан жана Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы Бурул Элебесова тарабынан ыраазычылык сөздөрү айтылды.

Бул тегерек стол студенттердин илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн активдештирүүгө, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын терең түшүнүүгө багытталган маанилүү аянтча болуп саналгандыгын белгилөө менен үстүбүздөгү 2026-жылдын Түркиянын белгилүү акын-жазуучуларынын бири, Түркиянын гимнинин автору Мехмет Акиф Эрсойго байланыштуу иш-чараларга чакыруу алуу менен жылуу маанайда жыйынтыкталды.

(С) Бурул Элебесова — Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент

Добавить комментарий