2026-жылдын 24-мартында Бишкектеги Корей борборунун директору Джо Чану мырза Чет тилдер институтунун студенттери жана окутуучулары үчүн «Корей тили — дүйнөгө ачылган жаңы ачкыч» темасында конок лекция окуду.

Сабактын жүрүшүндө ал дүйнөлүк коомчулуктагы «корей толкунунун» (Халлю) кеңири жайылышынын себептерине токтолуп, бүгүнкү күндө корей тили маданий дипломатиянын маанилүү куралы болуп жатканын белгиледи. Ошондой эле ал корей тилин үйрөнүү жаштар үчүн жаңы кесиптик мүмкүнчүлүктөрдү ачып берерин баса белгиледи. Лектор практикалык баарлашууга өзгөчө көңүл буруп, заманбап корей коомунда кеңири колдонулган сөз айкаштарын мисалдар аркылуу түшүндүрүп берди.

Жолугушуунун интерактивдүү бөлүгүндө тематикалык викторина уюштурулуп, студенттер өз билимдерин сынап, активдүү катышуу менен айырмаланышты. Жеңүүчүлөргө Корей борбору тарабынан эстелик белектер тапшырылды. Бул формат катышуучуларга лекциялык материалды жеңил жана кызыктуу формада өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Мындан тышкары, Джо Чану мырза Кыргызстандагы жашоосу тууралуу жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп, өлкө аймагында саякаттоого болгон кызыгуусу жана видеографияга болгон умтулуусу тууралуу айтып берди. Ал жаратылыштын кооздугун жана өзгөчө учурларды камера аркылуу сактап калуунун маанисин белгиледи.

Иш-чаранын соңунда суроо-жооп сессиясы өткөрүлүп, студенттер тил үйрөнүү, маданий алмашуу жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр тууралуу кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Мазмундуу лекциясы жана академиялык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон олуттуу жеке салымы үчүн Чет тилдер институтунун администрациясы Джо Чану мырзага ыраазычылык катын тапшырды..

Бул иш-чара студенттердин кесиптик жана маданий горизонтторун кеңейтүүгө, ошондой эле Чет тилдер институту менен Корей борборунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого өбөлгө түздү.

(С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык  иштер боюнча орун басары

Добавить комментарий