2026- жылдын 25-март күнү математика жана информатика институтунда тазалыктын, аруулуктун, жаңылануунун майрамы болгон, жаз алып келген Нооруз — «Жаңы күн» майрамына арналган иш- чара өттү.
Майрам аластоо менен башталып, институт директору Изат Усенов, жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Ынтымак Касмакунов салтанаттын катышуучуларын куттукташып, ушул токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын майрамында элибизде ынтымак, биримдик болорун каалап, жакшы салттарын сыйлап, тарыхын кадырлаган элдин келечеги кең болорун кошумчалап айтып кетишти.
Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук каада-салттар көрсөтүлүп, концерттик программа менен коштолду.
Жыйындын соңунда, бүгүнкү майрамдык кечени уюштурууда жетекчилик кылган ИТжБ окуу программасынын ага окутуучусу Айзат Эркинбаева жана активдүү катышкан студенттер ардак грамоталар менен сыйланышты.
Урматтуу кыргыз элим!
Нооруз майрамы чындап эле нурдуу, жакшы тилектердин майрамы. Бул майрамдын көөнөрбөс дагы бир касиети ата-бабаларыздын улуу салтын, үрп адатын, рухий дөөлөтүн руханий байлыгын кылымдан кылымга, муундан муунга мурастап келатканы десек болот. Жадыраган жаз күнүндө ак тилектин, мээримдүүлүктүн, ынтымактуулуктун жана боордоштуктун белгиси болгон Нооруз майрамы баарыңыздарга жакшылык алып келсин! Баарыңыздарды ушул кубанычтуу улуу Нооруз майрамы менен дагы бир жолу куттуктайбыз. Дайыма жүзүңүздөрдөн күлкү кетпей, тилеген ой-максаттарыңыздар орундалсын!
(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент