2026-жылдын 24-мартында белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, экс-маданият, маалымат жана туризм министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, акын жана жазуучу Нуржигит Кадырбеков Кыргыз-япон институтунун студенттеррине конок лекция окуп берди.  

Н.Кадырбеков Япониядагы эл аралык байланыш жана мамлекеттик башкаруу боюнча магистратуранын бүтүрүүчүсү жана мамлекеттик ишмер катары «Япон коомундагы жоопкерчиликтүү керектөөнүн тажрыйбасын Кыргызстанда ишке ашыруу» аттуу темада кызыктуу маалыматтарды студенттерге айтып, пайдалуу маек куруп берди.

Конок лекция Кыргыз улуттук университетинин БУУ тарабынан бекитилген Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын илгерилетүүгө багытталган  иш-чаралар алкагында уюштурулду.

(С) Жеңиш Бексултанов — директордун эл аралык байланыштар боюнча орун басары

Добавить комментарий