2026-жылдын 19-март күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттутк университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев №3 окуу имаратында жайгашкан Эл аралык медицина жана илим институтуна барып, ал жердеги медициналык жаңы приборлор, техникалык каражаттар менен жабдылган жаңы лабораториялар жана кабинеттер менен таанышып чыкты.
Институттун директору Чынгыз Узакбаев ректор баштаган КУУнун түзүм жетекчилерине оңдоп-түзөөдөн өткөн Гематология, Микробиология, Гистология, Жалпы химия жана клиникалык биохимия, Практикалык физиология лабораторияларына орнотулган жаңы приборлор менен техникалык каражаттарды көрсөтүп, аталган лабораториялардын функциялары тууралуу айтып берди. Мисалы, Гематология лабораториясында студенттер кандын составы менен функциясын, Гистология лабораториясында адамдын органдары менен ткандарынын микроскопиялык түзүлүшүн изилдөө менен, аталган заттар менен органдардын анализин жасоо боюнча практикалык көндүмдөрдү алышат.
Директор КУУнун жетекчилерине Виртуалдык окутуу борборун өзгөчө сыймыктануу менен тааныштырды. Анткени, бул жерде адамдын анатомиясы менен органдарын виртуалдык реалдуулук технологияларын колдонуу менен интерактивдүү режимде окуп, үйрөнүүгө болот. Ал үчүн анатомиялык структураларды майда-баратына чейин көрсөтүп бере турган VR-тиркемелер менен симуляторлор колдонулат.
Жаңы приборлор жана техникалык каражаттар тууралуу о.э. Индиядан келген окутуучулар да маалымат беришти.
Ушул эле күнү Улуттук университеттин жетекчилери №6 окуу имараты тарапта студенттер үчүн жасалган эс алуу зонасы менен таанышты.