Журналистика жана коммуникация институтунун «Баласагын ТВ» телестудиясынын Instagram баракчасындагы контент менен 30 күн ичинде 8 миллиондон ашык интернет колдонуучу  таанышты.

Бул баракча кыска убакыт ичинде маалымат таратуучу жаңы медиа аянтчага айланып, коомдук-саясий, эл аралык жана маданий жаңылыктардан тартып, күнүмдүк аба ырайы тууралуу билдирүүлөрдү үзгүлтүксүз жарыялап келет. Контенттин негизги бөлүгүн Кыргызстанда жана дүйнөдө болуп жаткан окуялар түзөт.  Мындан тышкары университеттин ичинде уюштурулган ар түрдүү иш-чаралар  коомчулукка кеңири жайылтылып, студенттер үчүн практикалык тажрыйба алууга жакшы мүмкүнчүлүк болуп саналат. 

«Баласагын ТВ» баракчасынын аудиториясы Кыргызстандын аймагы менен гана чектелбейт. Өзбекстан, Казакстан, Россия жана башка өлкөлөрдө жашаган боордоштор дагы катталып ар дайым пикир калтырып турушат.

Негизги максаты — болочок журналисттер маалыатты стандарттардын алкагында даярдап, нормаларга жооп бере тургандай кылып элге жеткирүүгө тажрыйба топтоп, замандын талабына ылайык рилс форматында кыска жана так кылып берүүгө үйрөтүү.

Эске салсак,  мындан эки ай  мурун институттун эл аралык журналистика бөлүмүнүн 1-курсуну студенттеринин алгачкы видеолору чыга баштаган. Кыска убакыттын ичинде 20 миңге жакын катталуучу топтоп, ай сайын 8 миллиондон ашык көрүүчү таба алды.

(С) Адилет Дастанов — “Баласагын ТВ” телестудиясынын жетекчиси

Добавить комментарий