2026-жылдын 5-мартында Чет тилдер институтунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров сунуштаган «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруунун алкагында «Мамлекеттик тил – улуттун жүзү» аттуу тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты – мамлекеттик тилдин маанисин түшүндүрүү, студенттердин тилге болгон урмат-сыйын арттыруу, жаштардын тил маданиятын өнүктүрүү жана коомдогу мамлекеттик тилдин ордун талкуулоо болду. Тегерек столго ЛА-3-24 (5, 6) жана ЛА-1-23 (1,2) топторунун студенттери катышып, модераторлук милдетти ага окутуучу Нарынбек кызы Мээрим аткарды.
Тегерек столду мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, студенттерге уңгужолдун маңызы тууралуу кеңири маалымат берди. Ал өз сөзүндө эне тилдин маанисин баса белгилеп, студенттерди кыргыз тилин сактап, өнүктүрүүгө чакырды. Ошондой эле дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын окуунун мааниси белгиленип, Иоганн Вольфганг фон Гёте, Мигель де Сервантес, Фридрих Шиллер жана Уильям Шекспир сыяктуу залкар жазуучулардын чыгармаларын сүйүп окуу сунушталды.
Андан соң сөз институттун директору Кенжебай Уметовго берилди. Ал өз сөзүндө мамлекеттик тил, туу менен катар улуттук баалуулуктарды, кыргыз каада-салттарын жана мекенди сүйүүгө чакырып, студенттерди Ак калпак күнү менен да куттуктады.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары мааниси тууралуу презентация жасап, тилди даңазалаган ырларды аткарышты. Ошондой эле Э.Ибраевдин «Улут болсом – тилим менен улутмун» чыгармасынан жана Ш.Дүйшеевдин «Эне тилин унуткандар» аттуу чыгармасынан көркөм окуулар аткарылып, эне тилдин баалуулугу тууралуу мазмундуу ойлор айтылды.
Талкуу учурунда студенттер мамлекеттик тилдин коомдогу орду, жаштардын тил маданияты, көп тилдүүлүк маселеси жана санарип доорунда кыргыз тилинин өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алышышты. Ошондой эле сүйлөө маданиятында кеңири колдонулуп жаткан арабизмдер жана руссизмдердин жаштардын тил маданиятына тийгизген айрым терс таасирлери тууралуу да сөз болду. Катышуучулар эне тилдин табигый өзгөчөлүгүн сактоо, кыргызча таза жана туура сүйлөө маданиятын өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар мамлекеттик тилди сактоо жана өнүктүрүү ар бир жарандын милдети экенин баса белгилешти. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов айткандай, кыргыз эли жашап турганда кыргыз тили да жашай берери дагы бир жолу белгиленди.
Бар бол, кыргыз элим! Бар бол, эне тилим — кыргыз тилим!
(С) Самсалиев А.М. — директордун илимий иштери боюнча орун басары