2026-жылдын 5-мартында Физика жана электроника факультетинде «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлыктын жана КУУнун ректорунун 2026-жылдын 20-февралындагы №56 буйругунун негизинде “Таалим-тарбия, илим, билим жана маданият” аталышындагы семинар болуп өттү.  

Жыйында профессор Эсенбек Мамбетакунов баяндама жасап, Президенттин жарлыгынын, Уңгужолго тишелүү айтылган сөздөрүнүн кыргыз эли үчүн манилүүлүгүнүн талдап айтып берди.

Докладдан кийин кызуу талкуу жүрдү. Доцент Бердибек Жумабаев Уңгужолдун баалулугун белгилеп, мектеп программасына киргизүү маселесин айтты. Факультет деканы Самат Токтогонов профессордун доклады кыргыз элинин өнүгүсүнө өз салымын кошот деп белгиледи жана КУУда өтө турган иш-чаранын 3 этабына сунуштады. Жыйындын катышуучулары бир добуштан колдошту.

Семинарга мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев, факультеттин окутуучулары менен студенттери катышты.

(С) Айдана Тыныбек кызы — факультеттин окутуучусу

Добавить комментарий