Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн “Котормо жана котормо таануу” адистигинин 3-курс студенти Айназик Тасмабекова Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен биргеликте Конрад Аденауэр атындагы фонд тарабынан уюштурулган абройлуу Sur Place стипендиясына ээ болду.

Конрад Аденауэр атындагы Sur Place программасы коомдук жактан активдүү жана таланттуу жаштарды колдоого, алардын билим алуусуна көмөк көрсөтүүгө жана лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

Конкурстук тандоо өткөн жылдын декабрь айында башталып, көп баскычтуу жана кылдат тандоонун жыйынтыгында бөлүмдүн мыкты студенттеринин арасынан Айназик Тасмабекова ийгиликтүү өтүп, аталган стипендиянын ээси болду. Студенттердин бул программага катышуусу жана декабрь айында башталган бардык этаптардан ийгиликтүү өтүшү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Инвестициялар бөлүмүнүн түздөн-түз координациясы жана эксперттик колдоосу менен камсыздалды.

Бул жетишкендик студенттердин жогорку даярдык деңгээлин жана эл аралык билим берүү программаларына ийгиликтүү катыша аларын дагы бир жолу далилдейт.

Айназикти бул татыктуу жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана окууларына ийгиликтерди каалайбыз!

Sur Place программасы жөнүндө

Бул программа коомдук жактан активдүү жаштарды колдоого жана алардын өз өлкөсүндө жогорку билим алуусуна көмөк көрсөтүүгө багытталган. Фонддун шарттарына ылайык:

  • ай сайын берилүүчү стипендиянын көлөмү 150 евро;
  • стипендиаттар фонд тарабынан уюштурулган илимий-практикалык конференцияларга жана билим берүү семинарларына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

(С) Бурул Элебесова — түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент

Добавить комментарий