2026-жылдын 3-мартында Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери тарабынан 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнү жана 8-март — Айымдардын эл аралык күнүнө карата «Кош канат» аттуу майрамдык салтанаттуу маданий иш-чара уюштурулду. Аталган иш-чара коомдогу эр-азамат менен аялзатынын ордун, алардын тарыхый жана руханий миссиясын бирдиктүү концепцияда чагылдырууну максат кылды.

«Кош канат» аталышы символикалык мааниге ээ болуп, коомдук өнүгүүнүн, улуттук нарктын жана руханий мурастын бекемдиги аял менен эркектин өз ара толуктоосуна, тең салмактуу кызматташтыгына негизделерин даңазаланды. Иш-чаранын мазмунунда темирдей бекемдик, кайраттуулук жана мекенчилдик сапаттар менен катар асылдык, назиктик, сулуулук жана мээримдүүлүк сыяктуу адамзаттык баалуулуктар айкалышып берилди.

Иш-чарага конок катары журналистика жана коммуникация институтунун 4-курсунун студенти Арген Медербек уулу келип, ырларын аткарып берди. Салтанат ыр, бий жана көркөм окуулардын коштоосунда өттү.

(С) Тилабердиева С.Б. — тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий