2026-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен “Ак калпак жана улуттук кийим – улуттун улуу мурасы” аттуу тегерек отурум өткөрүлдү. Иш-чарага маданият ишмерлери, тарыхчылар, этнографтар, дизайнерлер, кол өнөрчүлөр, жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Тегерек отурумга Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы доц. Бурул Элебесова жана улук окутуучу Фаризат Курамаева бөлүмдүн 1-3-курс студенттери менен катышты. Катышуунун максаты — 2019-жылдын 12-декабрында ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирген “Кыргыздардын ак калпагын жасоо өнөрү жана кийүү маданияты” номинациясына ылайык, улуттук баш кийим – ак калпактын жана салттуу кийимдердин тарыхый-маданий маанисин адистерден угуу, кыргыз элинин маданий мурасын жаштар арасында жайылтуу жана пикир алмашуу болду.

Программанын расмий бөлүгү Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри М.Мамбеталиевдин куттуктоо сөзү менен ачылып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А.Койчиевдин куттуктоо сөзү менен уланды. Алгач, катышуучуларга ак калпак күнү менен куттуктоо сөзү айтылып, анын улуттук баалуулук, маданий белги жана атадан калган мурас экендиги баса белгиленди. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгынын алкагында мындай иш-чараларды өткөрүү жаштар арасында маданий аң-сезимди жогорулатууда маанилүү багыт экени айтылды.

Андан соң белгилүү этнографтар, сүрөтчүлөр жана кыргыз кол өнөрчүлүгүн жандандыруучу фонддордун өкүлдөрү баяндама жасашты. Программада “Кийиз Дүйнө” коомдук фондунун салттуу кийимдер коллекциясы көрсөтүлүп, иш-чара ак калпак жана улуттук кийимдер боюнча музей экспозициясына экскурсия менен жыйынтыкталды.

(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүм башчысы, ф.и.к.,доц.

Добавить комментарий