2026-жылдын 12-февраль күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев менен жогорку окуу жайлардын ректорлорунун жолугушуусуна катышты.
Жыйында сот тутуму менен жогорку окуу жайлардын өз ара аракеттенүүсүнө байланыштуу маселелер, анын ичинде институционалдык кызматташууну өнүктүрүү; соттордун базасында студенттердин окуу, өндүрүштүк жана диплом алдындагы практикасын уюштуруу; сот тутумунун өкүлдөрүнүн жогорку окуу жайлардагы билим берүү жана илимий-практикалык процесстерге катышуусу; өз ара аракеттенүүнүн кийинки кадамдарын жана форматтарын аныктоо талкууланды.
Медербек Сатыевдин кириш сөзүнөн кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимдерге кол коюлуп, ЖОЖ ректорлору чыгып сүйлөштү.
КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев бүгүнкү жолугушуу — билим берүү менен сот тутумунун ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган маанилүү иш-чара экенин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосунда түзүлүп жаткан кызматташтык келишими — укуктук билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, практикага багытталган окутууну күчөтүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү юридикалык кадрларды даярдоого багытталган стратегиялык кадам экенин белгиледи.
Ректордун айтымында, Жогорку сот меен КУУнун ортосунда студенттердин окуу-таанышуу жана өндүрүштүк практикасынан өтүүсүн камтыган биргелешкен программаны иштеп чыгуу маселеси өзгөчө мааниге ээ. Анткени, мындай программа теориялык билим менен практикалык тажрыйбанын айкалышын камсыздап, студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Жолугушуунун соңунда Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев жолугушууга катышкан ЖОЖ өкүлдөрүнө чакан белектерди тапшырды.