Математика жана информатика институтунун жетекчилиги  студенттик кеңештин мүчөлөрү, 3-4-курстун студенттери Нийматова Бегимайды (4-курс), Турдумаматова Лираны (4-курс) жана Амантөрөев Уларбекти (3-курс) Астана шаарында өткөн эл аралык конкурста “КМШнын мыкты студенти — 2025” наамына ээ болушу менен чын дилден кызуу куттуктап, аларга чың ден соолук, мындан ары да окууларында албан-албан ийгиликтердин жаралышын каалайт.

Сынактын жыйынтыгы боюнча биздин студенттер окуудагы, көркөм, чыгармачылык жана коомдук ишмердүүлүктө өзгөчө жетишкендиктери үчүн I даражадагы дипломго, төш белгиге жана жеңүүчүнүн кубогуна татыктуу болушту.

Иш-чара “BILIM Orkenieti” Казакстандын Улуттук инновациялык илимий изилдөө борбору жана “Жаңы Казакстан” республикалык инновациялык борбору тарабынан уюштурулуп, жеңүүчүлөрдүн жетишкендиктери “КМШнын мыкты студенттери” аттуу эл аралык жыйнакка киргизилет.

Белгилеп кетчү нерсе, биздин номинаттардын бүгүнкү сынакка катышуусунда тийиштүү документтерди даярдоодо жетекчилик кылып, жол көрсөтүп, жыйынтыгында жеңүүчү болуп табылышына, кыргыз жаштарынын Эл аралык конкурста даярдык деңгээлинин жогорку экенин жана чыгармачылык потенциалынын күчтүүлүгүн тастыктоодо директордун тарбия иштери боюнча орун басары, ф.-м.и.к., доцент Бактияр Рахманкуловдун кошкон салымы өзгөчө зор.

О.э. бүгүнкү  жетишкендикке чейин Бактияр Зулпукаровичтин  түздөн -түз берген натыйжалуу жана туура  багыттагы кеңешинин  негизинде  4-курстун  студенти  Нийматова Бегимай окууда,илимий-чыгармачыл  жана коомдук  иштерде  өзгөчө  айырмалангандыгы үчүн  КРнын Президентинин  стипендиясына ээ болуп, «Ж.Баласагын  атындагы  Кыргыз  улуттук  университетине 100 жыл» юбилейлик медалы  менен  сыйланган.

(С) Фархат Назарбаев — институттун профбюросунун төрагасы, ага окутуучу

Добавить комментарий