2026-жылдын 10–17-январь күндөрү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Чет тилдер институтунун англистика кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты Мамытова Асель Казыбековна Улуу Британиядагы Лидс шаарында жайгашкан Лидс университетине кызматтык иш-сапар менен барып келди.

Британиянын консулдук кызматы тарабынан каржыланган AELLCA программасынын алкагында Лидс университети менен биргеликте иштелип чыккан «Англис тилиндеги академиялык жазууну баалоодо гендердик өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен окутуу ыкмаларын колдонуу аркылуу инклюзивдүүлүктү өнүктүрүү» аттуу долбоордун негизинде уюштурулган иш-сапардын жүрүшүндө Мамытова А.К. Лидс университетинин профессорлору жана докторанттары менен академиялык жазууну окутуу жана баалоодо инклюзивдүү, гендерге сезимтал ыкмаларды колдонууга арналган семинар өткөрдү. Сабак учурунда заманбап педагогикалык ыкмалар, академиялык жазууну баалоонун критерийлери, о.э. академиялык чөйрөдө тең укуктуулукту жана инклюзивдүүлүктү камсыз кылуунун практикалык жолдору кеңири талкууланды.

Аталган иш-чара эки университеттин ортосундагы эл аралык академиялык кызматташууну чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана англис тилин окутууда инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүүгө олуттуу салым кошту. Иш-сапардын жыйынтыктары келечекте биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана билим берүү программаларын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.

(С) Байболотова Ж.Т. – тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий