2026-жылдын 12-14-январь күндөрү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев жетектеген делегация Кытай Эл Республикасынын Илимдер академиясына караштуу Синьцзян химия-физикалык технологиялар институту (СХФТИ) тарабынан уюштурулган Илимий-техникалык кызматташтык жана алмашуу боюнча эл аралык конференцияга жана Синьцзян педагогикалык университетинде (СПУ) өткөн Конфуций институтунун Башкаруу кеңешинин 14-жыйынына катышты.

Иш сапардын алкагында «Кытай-Кыргыз көп тилдүү жана интеллектуалдык маалыматтарды иштетүү боюнча биргелешкен лабораториянын» расмий ачылышы болуп, аталган долбоорду ишке ашыруунун мындан аркы пландары жана максаттары талкууланды.

Жолугушуунун экинчи маанилүү багыты катары «Манас» эпосун санариптештирүү боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен илимий-изилдөө долбоору каралып, Кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев «Манас» эпосу боюнча баяндама жасады жана Улуттук университетте бул багытта жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөр тууралуу кеңири маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев менен Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору Жылдыз Усенбаевага «СХФТИнин чет өлкөлүк илимий кызматкери» деген сертификат тапшырылды. Конференцияга Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Амантур Рыспаев жана Математика жана информатика институтунун директору Изат Усенов да катышты.

Синьцзян педагогикалык университетинде өткөн Конфуций институтунун Башкаруу кеңешинин 14-жыйынында аталган кеңештин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, 2026-жылга карата иш планы сунушталды. Иш-чарага КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев, СПУнун партиялык комитетинин катчысы Цзян Хайцзун мырза, проректору Ван Шыцзие мырза, Конфуций институтунун директорлору Жылдыз Усенбаева менен Цзя Цзинфан, о.э. СПУнун башка өкүлдөрү катышышты.

(С) Жылдыз Усенбаева — Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору

Добавить комментарий