2025-жылдын 27-декабрында Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 4-курс студенттери тарабынан уюштурулган Жаңы жылдык концерттик программа өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, жамааттык ынтымакты чыңдоо жана жаңы жылдык майрамдык маанайды түзүү болду.

Концерттик программада музыкалык номерлер, бийлер, интерактивдүү оюндар, конкурстар жана лотереялар уюштурулуп, катышуучулар үчүн фуршет тартууланды. Иш-чаранын жүрүшүндө активдүү катышуучулар ар түрдүү сыйлыктарга жана баалуу белектерге ээ болушту. Ошондой эле жаңы жылдык дресс-код талаптарына ылайык мыкты образдардын ээлери аныкталды. Бул иш-чара студенттердин активдүү катышуусу менен жогорку уюшкандыкта өтүп, катышуучуларга жагымдуу маанай жана унутулгус эмоцияларды тартуулады.

Добавить комментарий