2025-жылдын 29-декабрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев факультет декандары жана институт директорлору, каржы жана чарба түзүмүнүн кызматкерлери, о.э. аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрүп, алгач жыйындын катышуучуларын кирип келе жаткан жаңы 2026-жыл менен куттуктады жана өтүп бараткан 2025-жылдагы аткарылган иштер жана маанилүү окуяларга саресеп салып, жаңы 2026-жылга карата пландар менен бөлүштү.

Ректордун айтымында, 2025-жыл Улуттук университет үчүн өтө маанилүү жана маңыздуу окуяларга бай, көп жакшылыктар менен зор ийгиликтердин жылы болду. Алардын ичинен окуу жайдын дүйнөлүк университеттердин QS рейтингинде 1201-1400, Азия университеттеринин арасында 391, ал эми Борбордук Азияда 25-орунду ээлеши, Университеттин 100 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде өткөрүлүп, Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Улуттук университеттин III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланышы окуу жайыбыздын аброюн дагы бир тепкичке көтөрүп, кубанычыбызга — кубаныч, демибизге – дем кошту.

Мындан сырткары, “100 жылдыкка – 100 китеп”, “100 жылдыкка – 100 кабинет” жана “100 жылдыкка – 100 иш-чара” деген демилгелердин алкагында университетте 100дөн ашуун кабинеттер ачылып, 100 дөн ашуун китептер басылып, 100дөн  ашуун ар кайсы деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлдү. Дагы бир баса белгилеп кетчү жагдай — университеттин пайдаланууга болбой калган мурдагы 4-жатаканасы толугу менен сүрдүрүлүп, анын ордуна 16 кабаттуу заманбап окуу жана жатакана комплекси курулуп баштады. Учурда имараттын 15 кабатында курулуш иштери жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А.К.Койчиевдин катышуусу менен 2025-жылдын 17-декабрында университетибизде “Кыргыз Республикасынын улуттук идеологиясы Уңгуҗол: баалуулуктар, жарандык коом жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүндө жогорку билим берүүнүн ролу” аталышында ректорлордун улуттук форуму өтүп, Мамлекеттик катчы жогорку окуу жайлардын ассоциациясын жетектеген университет катары Улуттук университетке улуттук идеяны ишке ашыруу боюнча жогорку окуу жайлардын демилгелерин координациялоо; илимий-методикалык программаларды жана окуу материалдарын иштеп чыгуу; изилдөө платформаларын жана дисциплиналар аралык лабораторияларды түзүү; улуттук форумдарды, конференцияларды жана талкуу аянтчаларын уюштуруу милдеттерин койду.

— Бул деген, — деп улантты сөзүн Догдурбек Чонтоев, — биздин университетибиздин Кыргыз Республикасынын улуттук идеялогиясын, социалдык-экономикалык саясатын жогорку билим берүү системасына жайылтуу жана иш жүзүнө ашырууда негизги окуу жай болгонун аныктайт. Мындай чон ишенич — биздин акыркы жылдагы туруктуу өнүгүүгө бет алганыбыздын жыйынтыгы деп эсептеймин. Ушул жылы биз университеттин Туруктуу өнүгүү программасын (ТӨМ) кабыл алып, бир нече илимий,статистикалык изилдөөлөрдү жүргүздүк, анын ичинде КУУдагы Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу иш-чараларына мониторинг жүргүзүп, профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттердин арасында гендерлик теңдикти аныктоо боюнча ТӨМ-5тин алкагында анализ жасалды.

— Өтүп бараткан 2025-жылы окуу жайыбыз өнүгүүнүн жаңы баскычына көтөрүлдү. Улуттук университет дүйнөлүк билим берүү процессине жандуу интеграцияланып, Россиянын, Кытайдын, Франциянын, Германиянын, Түркиянын, Кореянын, жакынкы коңушулаш өлкөлөрдүн ж.б. көптөгөн мамлекеттердин ЖОЖдору менен тыгыз байланышып, алардын айрымдары менен бүтүрүүчүлөргө кош диплом берип, адис даярдоого жетиштик. Окуу процессин жакшыртуу, студенттердин социалдык ал-абалына жакындан кам көрүү багытында көп иштер жасалды. Университетибиз мамлекет алдындагы, атпай журт алдындагы милдетин татыктуу аткаруунун жолунда бара жатат. Урматтуу коллегалар, баарыныздарды кирип келе жаткан жаңы 2026-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Жаңы жылда асыл максаттар, аруу  тилектердин баары ишке ашсын. 2026-жыл ар бирибиз үчүн жакшылыктардын жылы болсун!, — деп сөзүн жыйынтыктады ректор.

Андан кийин Догдурбек Чонтоев 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өз иштеринде ийгиликке жетишкен айрым кызматкерлерди «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалы менен сыйлады.

Салтанаттуу иш-чара Улуттук университеттин таланттуу студенттеринин катышуусундагы чакан концерт менен жыйынтыкталды.

Факультет декандары жана институт директорлору менен болгон жолугушууда сыйлангандар:

Каржы жана чарба түзүмүнүн кызматкерлери менен болгон жолугушууда сыйлангандар:

Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү менен болгон жолугушуу

Добавить комментарий