Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Бозжол” философиялык изилдөө борбору жана П.Лумумба атындагы Орусия элдер достугу университетинин (РУДН) Гуманитардык-социалдык илимдер факультетинин Философия тарыхы кафедрасы менен биргеликте 2025-жылдын 18-19-декабрь күндөрү «Чыңгыз Айтматовдун экзистенциалдык гуманизми жана философиялык маданияттардын диалогу» аттуу эл аралык конференциясы гибриддик форматта (онлайн жана оффлайн) ийгиликтүү өткөрүлдү.

Конференциянын негизги максаты жана жыйынтыгы болуп улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы философиясынын контекстинде анализдөө болуп, аны менен бирге маданияттар ортосундагы философиялык баарлашууну ишке ашыруу болду. Иш-чара эки секциядан туруп, мазмундуу докладттар жазалды. Иш-чарага Орусия, Казахстан, Кытай Эл Республикасынан окумуштуулар катышышты.

Иш-чаранын соңунда жалпы катышуучулар сертификаттар менен сыйланышты.

(С) Айдакеева Махабат. Борбордун илимий кызматкери

Добавить комментарий