2025-жылдын 28-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Орусиянын Патрис Лумумба атындагы элдердин достугу университетинде өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун юридикалык ЖОЖдорунун ассоциациясынын форумуна катышты.

Жыйында ректор Д.Чонтоев Шанхай Кызматташтык Уюмунун демилгелерин ишке ашыруудагы юридикалык мектептердин ролу жөнүндө баяндама жасап, ШКУнун юридикалык ЖОЖдорунун ассоциациясынын кийинки форумун 2026-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөрүүнү сунуштады.

“Кийинки форум үчүн биздин аянтчаны сунуштаганыбызга кубанычтабыз. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жогорку квалификациялуу юристтерди даярдоодо чоң тажрыйбага ээ жана бул тажрыйбаны ШКУ өлкөлөрүндөгү кесиптештери менен бөлүшүүгө даяр”, – деди КУУнун ректору.

Форум 2026-жылы Кыргыз Республикасында өтө турган ШКУнун саммитинин алдында өтүп жатат. Жыйындын катышуучулары эл аралык укуктун, коопсуздуктун жана ШКУ аймагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

КУУнун делегациясы о.э. ШКУ өлкөлөрүнүн университеттеринин өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, кызматташуу жана студенттер менен окутуучуларды алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

(C) Доорон Кубатбеков – КУУнун аппарат жетекчиси

Добавить комментарий