2025-жылдын 12-ноябрында КУУнун Эл аралык кызматташуу жана байланыш боюнча департаменти менен Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун кызматкелери Түштүк Кореянын Билим берүү министрлигинин алдындагы Улуттук изилдөөчү фонддун өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда эки тарап алгач ушул жылдын октябрь айында Улуттук университетке Кемён университетинен жеткирилген компьютердик техникалардын орнотулушу жана колдонулушу тууралуу пикир алышты.
Эл аралык кызматташуу жана байланыш боюнча департаменттин башчысы Бактыбек Келдибеков Кореядан келген техникаларды учурда тиешелүү бөлүмдөр, институттар колдонуп окуп жатканын жана техникалар КУУнун IT багытына чоң салым кошуп жатканын кошумчалап, ыраазычылыгын , билдирди.
Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Амантур Рыспаев аталган компьютерлер лабораториялык, окуу-методикалык кабинеттерге коюлуп, окутуучулар, магистранттарга жана студенттер үчүн бөлүнгөнүн белгиледи. Ал о.э. келген техникалардын окуу процессине тийгизген оң таасирин атап өттү.
Онлайн жолугушууда жасалма интеллект боюнча окутуучуларды тартуу иштери, таанытуу программалары жана мындан аркы кызматташууну кеңейтүү тууралуу баарлашуу болду.
Эскерте кетсек, аталган компьютердик техникалар Улуттук университет менен Кемён университети биргеликте ишке ашырып аткан жети жылдык LUPUC долбоорунун алкагында алып келинген.