2025-жылдын 11-ноябрында Кыргыз филологиясы факультетинде педагогика илимдеринин кандидаты, К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн теориясы жана практикасы кафедрасынын профессору Оторбаев Болот Капаровичтин мектеп мугалимдери, студенттер жана магистранттар үчүн «Кыргыз адабиятын окутуунун методикасы» окуу китебинин (560 бет), «Мектепте көркөм чыгарманы талдоонун технологиялары» (192 бет) жана «Манас» үчилтигин мектепте интерактивдүү окутуу» (192 бет) окуу куралдарынын презентациясы болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызстанга белгилүү окумуштуулар, Бишкек шаарындагы жана Чүй областынын мектептеринин мугалимдери жана факультеттин профессор-окутуучулары катышышты.

Алгач факультеттин деканы Б.Жайлообаев профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүү кафедрасынын “100 жылдыкка жүз китеп” долбоорунун алкагында чыгарылган 3 китеп тууралуу маалымат берип, иш чараны ачып берди.

Ф.и.д., проф. С.Байгазиев, п.и.д., проф. Э.Мамбетакунов, ф.и.д., проф. К.Абакиров, ф.и.д., проф.А.Турдугулов, п.и.д., проф.  Ж.Чыманов, ф.и.д., проф. Г.Жаманкулова, п.и.к., проф. К.Кенжешев, доцент Б.Баймырзаев, ф.и.к., доцент С.Исаева, Бишкек шаарындагы №58 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими К.К.Оболова ж.б. Б.Оторбаевдин кыргыз адабиятын окутуунун методикасы илимине кошкон салымын бир ооздон баса белгилөө менен, аталган эмгектеринин баалуу жактарын ачыктап чечмелеп беришти. Айрыкча фундаменталдуу эмгек катары таанылган «Кыргыз адабиятын окутуунун методикасы» окуу китебинин болочоктогу жаш педагог-студенттер жана магистранттар, ошондой эле мектептердеги практик мугалимдер үчүн да бөтөнчө маанилүүлүгүн, андагы баяндалган адабиятты окутуунун заманбап технологиялары ар тараптуу жана жеткиликтүүлүк принцибинде келтирилгенин зор канааттануу менен айтып өтүштү. Ошондой эле «Мектепте көркөм чыгарманы талдоонун технологиялары» жана «Манас» үчилтигин мектепте интерактивдүү окутуу» окуу куралдары да болочок жаш адистер менен мектеп мугалимдери үчүн усулдук жактан чоң көмөк бере тургандыгын белгилеп өтүштү.

Презентацияда жогорку интеллектуалдуу илимий талкуу маанайы өкүм сүрүп, баарлашуу эмоционалдуу, жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү.

(С) Аскар кызы Ж. – кафедра башчысы, п.и.к., доцент

Добавить комментарий