Өткөн күнү: 2025-жылдын 29-октябры

Өткөн жери: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик заказын аткаруу алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди заманбап чакырыктар шартында окутуу системасын өркүндөтүү темасында илимий-изилдөө ишине арналган тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты:  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кошумча билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча эксперттик пикирлерди жана практикалык сунуштарды алуу. Бул максат аналитикалык отчеттун негизинде жүргүзүлгөн илимий-изилдөө ишинин жыйынтыктарына таянат.

Тегерек столго мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, илимпоздор жана эксперттер катышты:

  • Омокеев Улан Абдиевич — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин адиси
  • Шамкеев Бакыт Абылкасымович — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын башкы адиси, эксперттик комиссиянын мүчөсү
  • Ташкулов Мирлан Нуркулович — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу борборунун бөлүм башчысы
  • Хусаинова Мехрибон Аблезовна — Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы
  • Турдубаева Гульжан Жусуповна — Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы
  • Суранчиева Гульнур Тукуновна — Кыргыз-Орус Славян университетинин мамлекеттик укук теориясы жана тарыхы кафедрасынын доценти.

Эксперттер: Мурзаев Салих Кадырбекович, Курманова Гульназ Сейитказиевна, Кумушбеков Нурдин, Абдыкеримов Алмаз Сарымсакович, Сагынбаев Бакыт Эсенбаевич, Третьяков Александр Викторович.

Илимий-изилдөө ишинин жетекчилери жана аткаруучулары: Алымкулова Садыгуль Адылбековна, Токташ Ширин, Супатаева Нуржан Тилекматовна, Жолдубай кызы Назгуль, Именова Медина Ызабековна

Иш-чараны улук илимий кызматкер Алымкулова Садыгуль Адылбековна ачып берди. Башкы баяндама менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин проректору, саясий илимдердин кандидаты, доцент Кундуз Жаманчаевна Базакеева чыгып, илимий-изилдөө ишинин жыйынтыктары боюнча аналитикалык отчетту сунуштады.

Талкуу учурунда катышуучулар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу жана квалификацияны жогорулатуу системасындагы учурдагы көйгөйлөрдү жана чакырыктарды карап чыгып, окутуунун мазмунун жана форматын жаңылоо боюнча сунуштарын билдиришти.

Тегерек столдун жыйынтыгында катышуучулар бул илимий-изилдөөнүн маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун белгилешти, анткени бул багытта буга чейин терең илимий иштер жүргүзүлгөн эмес.

Кундуз Жаманчаевна Базакеева бардык катышуучуларга активдүү катышкандыгы, конструктивдүү сунуштары жана мамлекеттик кызматты өнүктүрүүгө кызыкдарлыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

(С) Жолдубай кызы Назгуль – Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу билим берүү программасынын ага окутуучусу

Добавить комментарий