2025-жылдын 6-ноябрь күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз эл акыны, II жана III даражадагы “Манас” орденинин ээси, белгилүү коомдук ишмер Омор Султановдун чыгармачылык мурасына арналган адабий-музыкалык иш-чара болуп өттү.
Залды ээлеген көрүүчүлөрдүн арасында Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери жана окутуучулары болушту. Поэзия жана музыкалык чыгармалар аркылуу улуу акындын мурастарына таазим кылышып, таасирленишти.
Иш-чаранын жүрүшүндө Омор Султановдун чыгармалары Кыргыз эл артисттери тарабынан аткарылып, алардын чыгармалары көрүүчүлөргө чоң таасир калтырды. Ошондой эле сахнага манасчылар, төкмө акындар чыгып, акындын поэзиясын өздөрүнүн өнөрү менен айкалыштырып, музыкалык чыгармалар улуттук оркестрдин коштоосунда жандуу аткарылып, поэзия менен музыканы айкалыштырган көркөм программа студенттерге өзгөчө руханий таасир тартуулашты. Бул иш-чара кыргыз элинин улуттук маданиятын, поэзиясын жана руханий баалуулуктарын даңазалоого багытталган маанилүү маданий окуя болуп, студенттер үчүн эстетикалык жана руханий тарбия берүүнүн баалуу булагы болду.
(С) Тилабердиева С.Б. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары