Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн окутуучулары Ф.Н.Курамаева, Б.Б.Элебесова, А.Идаева жана Б.Ш.Сыдыкбаевалар Кыргыз-Турк “Манас” университетинде өткөрүлгөн “Котормо жана анын келечеги” аталышындагы IV симпозиумга катышып келишти.

Ага окутуучулар Ф.Н.Курамаева менен Б.Б.Элебесовалар симпозиумдун “Котормонун жалпы жана практикалык маселелери” аттуу отурумунда “Кыргыз тилиндеги Куран тексттериндеги диний терминдерди которуудагы айрым маселелер” аттуу билдирүүсун жасашты. Алар кыргыз котормо тарыхындагы Куран которуунун өзгөчөлүктөрү, Куран (Э.Турсунов, 1991), Ыйык Куран маанилеринин кыргызча котормосу менен. (А.Исмаилов, Д.Абдылдаев, С.Доолов, Садык Гавай, 2017), Куттуу Куран (Н.Алымбеков, 2018) жана Ыйык Куран (Т.Кунашов, 2022) котормолоруна кеңири токтолушуп, алардын ортосундагы айырмачылыктарды аяттардан мисал келтирип талдоо менен катышуучулардын арасында менен кызуу талкууну жарата алышты.

Бөлүм башчысы А.Идаева “Англис жана кыргыз тилдериндеги “дүйнө-world” концептинин лексика-семантикалык анализи” аталышындагы билдирүүсүн “Котормо жана маданияттар аралык коммуникация” отурумда симпозиумдун катышуучуларынын назарына салды. Кыргыз жана англис дүйнө таанымында аталган концепттер ортосундагы жалпылык жана айырмачылыктарды тилдик материалдар аркылуу көрсөтүп берди.

Ал эми бөлүмдүн доценти Б.Ш.Сыдыкбаева “Котормодогу жалпы маселелер”  секцияда “Котормочу-студенттердин тилдик компетенттүүлүгүн калыптандырууда драманын орду” аттуу доклады менен катышты. Англис жана кыргыз тилдериндеги драмалык чыгармалардын тил үйрөнүүдөгү өзгөчөлүктөрү кызыктуу үзүндүлөр аркылуу талданып, отурумдун катышуучуларынын алкышына ээ болду.

Катышуучулар сертификаттарга ээ болушту.

Добавить комментарий