2025-жылдын 7-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминов менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты, акын жана жазуучу Нуржигит Кадырбеков келип, студенттерге үчүн конок лекция өтүштү.

Лекциянын жүрүшүндө Гапыр агай “Билим алууну үйрөнүү” темасында маанилүү баяндама жасап, жаштарды өз алдынча ой жүгүртүүгө, үзгүлтүксүз изденүүгө жана билимге болгон кызыгууну арттырууга чакырды. Студенттер пайдалуу маалыматтарга ээ болушуп, лекторлорго өз суроолорун берип, кеңири жоопторду алышты.

Лекциянын соңунда активдүү катышкан студенттерге лекторлор тарабынан белектер тапшырылды, ал эми окуу жайдын атынан конокторго эстелик белектер ыйгарылды.

Аталган иш-чара студенттер үчүн мотивациялык жана тарбиялык мааниге ээ болуп, билимге болгон кызыгууну арттырган маанилүү жолугушуу катары белгиленди.

Добавить комментарий