2025-жылдын 3-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде мугалимдердин кесиптик күнүнө арналган салнатуу иш чара болуп өттү. Студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа көрсөтүлгөн соң, КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев сөз сүйлөп, Улуттук университеттин жалпы окутуучулар жамаатын кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктады.
Андан кийин ректор менен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы, о.э. проректорлор өлкөнүн илимий, билим берүү жана коомдук-маданий өнугүшүнө олуттуу салым кошкон КУУнун айрым кызматкерлерине “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл” юбилейлик медалын жана ректордун ыраазычылык каты менен ардак грамоталарын тапшырышты.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл” юбилейлик медалы
Ректордун ыраазычылык каты жана ардак грамоталар