Бул тууралуу 2025-жылдын 24-cентябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улутттук университетинин (КУУ) ректору, профессор Догдурбек Чонтоев менен Түштүк Кореянын Тэгу шаарындагы Кемён университетинин (KMU) эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн кызматкери Юн Жиенг мырзанын жолугушуусунда сөз болду.
Догдурбек Чонтоев эки университет ортосундагы кызматташтык илгерилеп, алгылыктуу натыйжалар болуп жатканын баса белгиледи.
Өз кезегинде Юн Жиенг мырза билим багыттындагы байланыш кеңейип, мындан ары да биргеликте жигердүү иштешүү чыңдалат деп билдирди.
Жолугушуудан кийин Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Амантур Рыспаев келген өкүлдөргө оңдоп-түзөөдөн өткөн дарсканаларды тааныштырып чыкты. Аталган дарсканаларга жаңы заманбап компьютерлер жана панелдер орнотулат. “Мындай техникалар студенттер менен окутуучуларга жасалма интеллектти тереңдетип өздөштүрүүгө шарт түзөт”, – деп маалымдады” КТЖИИ директору.
Эл аралык кызматташуу жана байланыштар боюнча департаменттин башчысы Бактыбек Келдибеков Кемён университети менен иштешүү ырааттуу өнүгүп жатканын айтып, жакынкы күндөрү санариптик борбордун ачылышы болоорун маалымдады.
Белгилей кетсек, Кемён университети менен Улуттук университет 7 жылдык LUPIC долбоорунун алкагында маалымат технологиялары багытында кызматташат. Аны менен катар Кемён университети КУУнун студенттерине атайын стипендия да уюштуруп турат.







