2025-жылдын 21-сентябрь күнү “Бурана” этнографиялык комплексинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) 100 жылдык мааракесинин алкагында Жусуп Баласагындын күнүнө жана Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашырууга арналган мааракелик иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын масаты – Жусуп Баласагындын руханий жана маданий мурасын даңазалоо, анын илимий жана адабий эмгектеринин бүгүнкү коом үчүн маанисин баса белгилөө, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык тарыхын жана анын билим берүү менен илимдеги ордун коомчулукка таанытуу, о.э. маданият менен билим берүүнүн интеграциясын бекемдеп, жаш муундун мекенчилдик жана патриоттук сезимин чыңдоо.

Мааракелик иш-чара “Улыбка” бий ансамблин аткаруусундагы “Күн нуру” бий номери менен ачылды. Алар кыймыл-аракети менен Ак сарайдын курлушун көрсөтүштү. Бийчилерге улай аянтка атчан чабармандар чыгып, Жусуп Баласагындын туулган күнүнө жана анын аты ыйгарылган Улуттук унверситеттин 100 жылдыгына карата дүйнөлүк жана кыргыз илимпоздорунун Жусуп Баласагын тууралуу ойлору камтылган 5 томдук энциклопедияны меймандарга таратышты.Андан кийин төкмө акындар Ырыскелди Темирбеков, Шекербек Адылов менен Ырыскелди Калыбек уулу Жусуп Баласагын жана анын ысымын алып жүргөн Улуттук унверситет тууралуу төгүп ырдашты.

Жусуп Баласагын жана анын шакирттери катышкан сценка көрсөтүлүп, “Кут алчу билим” дастанынан үзүндүлөр суроо-жооп түрүндө айтылып, “Караханийлер мамлекетинин башчысы Тавгач Кара Богра Жусуп Баласагынды Ак сарайдын башкы министри кылып дайындаган” соң, сахнага КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев чыгып, куттуктоо сөзүн айтты.

Ректор Кыргыз улуттук университетинин жамааты бүгүн “Бурана” этнографиялык комплексинде улутубуздун сыймыгы болгон улуу ойчул, даанышман акын Жусуп Баласагындын жаркын мурастарына таазим этүү үчүн чогулуп жатканын билдирип, өлкөбүздө кабыл алынган “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужол концепциясы менен Баласагын мурасы өз ара үндөшүп тураарын белгиледи. Жусуп Баласагындын «Кут алчу билим» чыгармасы — адилеттүүлүктүн, акылмандыктын, ыймандуулуктун жана билимдин түбөлүктүү символу. Бул китеп аркылуу Баласагын ар бир адамга гана эмес, бүтүндөй коомго да туура жолду көрсөтүп, акыл менен башкаруунун, ыймандуулук менен жашоонун негиздерин үйрөтөт. Баласагындын акылман сөздөрү бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпой, жаш муундарды туура багыттоодо, коомду адилет жана билимдүү кылып курууда чоң таасир этүүдө.

“Кыргыз улуттук университети үчүн Жусуп Баласагындын ысымын алып жүрүү – чоң сыймык жана ыйык аманат. Биздин парзыбыз — улуу мурастын наркын түшүнүп гана тим болбостон, аны заман талабына жараша изилдеп, дүйнөгө таанытуу, жаштардын аң-сезимине сиңирүү. Анткени билим менен ыйманды айкалыштырган муун гана улутту өркүндөтүп, мамлекетти гүлдөтө алат. Баарыңыздарды “Баласагын күнү” менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бул күн ар дайым бизге жаңы ой, жаңы дем, жаңы үмүт тартуулап турсун”, – деди Догдурбек Чонтоев.

Улуттук университеттин жамаатын Жусуп Баласагындын күнү менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Кендирбаев Догдуркул Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин биринчи орун басары Айбек Чотонов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев куттукташты.

Мааракелик иш-чаранын соңунда КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев иш-чаранын сыйлуу меймандарын “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл” юбилейлик медалы менен сыйлап, Чүй районунун маданият үйүнүн өнөрпоздору өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы жыйынында улуу ойчулдун чыгармачылыгын сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу максатында 21-сентябрь – Жусуп Баласагын күнү деп бекитилип, бул күндү жыл сайын белгилөө чечими кабыл алынган.

Добавить комментарий