2025-жылдын 18-сентябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Коркыт ата атындагы Кызылордо университетинин ректору, башкармалыктын төрайымы Бейбиткуль Каримованы кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ректорлор эки университеттин ортосундагы кызматташтык мамилелерин, Жусуп Баласагын атындагы КУУ менен Коркыт-Ата университети биргеликте ишке ашырып жаткан магистратуранын кош диплом программасын жана дүйнөлүк университеттердин QS-рейтингине байланышкан маселелерди талкуулашты.

Бейбиткуль Каримова Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен кызматтташтыкты өтө жогору баалаарын билдирип, QS-рейтингде туруктуу позицияны ээлеп туруш үчүн системалык түрдө тынымсыз иштөө керектигин белгиледи.

Догдурбек Чонтоев аталган рейтингге кирүүдө көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн Коркыт ата атындагы Кызылордо университетинин ректоруна жана жамаатына Улуттук университеттин атынан ыраазычылык билдирип, “Сиздер менен кызматташтыкты улантууга даярбыз, эшигибиз дайым ачык”, – деди.

Жолугушууга биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев менен академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспортоо жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы Саадат Шерматова катышты.

Андан кийин Бейбиткуль Каримова эки университеттин ортосунда кол коюлган кызматташтык меморандумунда каралган академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 2025-жылдын февраль, март айларында Коркыт ата атындагы Кызылордо университетине барып келген Улуттук университеттин студенттери менен жолугушту.

Добавить комментарий