Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети оор жоготууга учурады. 2025-жылдын 14-август күнү И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогика институтунун профессору Мааткеримов Нурсапар Оролбекович 77 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
КУУнун жалпы эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Кош болуңуз Нурсапар Оролбекович, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыныз торко болсун!
Мааткеримов Нурсапар Оролбекович
1948-жылдын 14-ноябрында Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында туулган. Мааткеримов Нурсапар Оролбекович жалпы педагогика жана физиканы окутуунун методикасы тармагындагы көрүнүктүү окумуштуулардын бири болгон. Анын физиканы окутуу методисти катары калыптанышы СССР АПНнин Окутуунун мазмуну жана ыкмалары боюнча Илимий изилдөө институтунун Физиканы окутуу лабораториясында, ошондой эле В.И. Ленин атындагы Москва мамлекеттик педагогикалык институтунун физиканы окутуу методикасы кафедрасындагы квалификацияны жогорулатуу курстарында болгон. Ал бул жерде СССРдин улуу методист-физиктери менен чогуу иш алып барган:
- Пёрышкин А.В., анын физика боюнча окуу китептери жана мугалимдер үчүн жазылган китептери биздин өлкөдө гана эмес, чет мамлекеттерде да жогорку баага ээ болуп, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө колдонулган (Бул китептер боюнча Болгарияда, Югославияда, Монголияда, Кореяда, Индияда, Кубада бир нече муундун балдары билим алышкан);
- анын көптөгөн эмгектеринин автордошу Н.А. Родина;
- Каменецкий С.Е. – мектептерде физиканы окутуунун теориясы жана методикасы боюнча 300дөн ашуун илимий-методикалык эмгектердин автору;
- Фабрикант В.А. – “Квант” журналынын негиздөөчүлөрүнүн бири, “Физика в школе”, “Жаш физиктин энциклопедиясы” журналдарынын редакциялык коллегиясынын мүчөсү жана физиканы окутуунун методикасы боюнча көптөгөн иштелмелердин автору;
- Разумовский В.Г., Резникова Л.И. жана башка СССРдин улуу муундагы белгилүү методист-физиктери.
Ушул улуу инсандар менен болгон кызматташтыктан жана алган баалуу тажрыйбасынан улам Нурсапар Оролбекович физиканы мектептерде жана жогорку окуу жайларында окутуунун методикасын өркүндөтүүдө илимий-изилдөө иштеринде ийгиликтүү колдонгон. Ошондой эле ал аспиранттарга жана докторанттарга жетекчилик кылуу менен, Кыргызстандын педагогика илимине чоң салым кошуп, Э.М. Мамбетакуновдун илимий мектебинин өнүгүшүнө олуттуу салымын кошкон.
1. Билими:
1971-жылы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин физика-математика факультетинин физика бөлүмүн артыкчылык диплому менен аяктаган. Адистиги – физика мугалими.
2. Кандидаттык диссертациясынын темасы:
«Окуу процессин нормалоонун негизинде физиканы окутууну өркүндөтүү (молекулярдык физиканын 9-класстагы мисалында)». Адистиги – физиканы окутуунун теориясы жана методикасы. Диссертация 1978-жылдын 12-октябрында Москва шаарындагы СССР АПНнин Окутуунун мазмуну жана ыкмалары боюнча илимий-изилдөө институтунда корголгон.
3. Доктордук диссертациясынын темасы:
«Орто жана жогорку мектептерде физиканы окутуу процессин нормалоонун дидактикалык негиздери»
Адистиктери:
- 13.00.01 – Жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы;
- 13.00.02 – Физиканы окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы.
Диссертация 2010-жылдын 5-июлунда корголгон. Илимий кеңешчиси: Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, п.и.д., профессор Э.Мамбетакунов.
4. Илимий изилдөөлөрдүн негизги жыйынтыктары:
Изилдөөнүн алкагында дидактикалык принциптерге негизделген, динамикалык, өнүгүүчү нормалоо системасы иштелип чыккан. Бул система физиканы окутууда окуучулардын жана студенттердин окуу жүгүн оптималдаштырып, билим берүү жана тарбия берүү милдеттерин натыйжалуу чечүүгө багытталган.
Практикалык мааниси:
- физика боюнча окуу планын, программаларды жана окуу куралдарын илимий негизде кайра түзүүгө;
- окуу материалын мазмуну жана көлөмү боюнча оптималдаштырууга;
- жогорку жана орто мектептерде окуучулардын өз алдынча ишин уюштурууда программалык-мақсаттуу, инсандык-ишмердик ыкмаларды киргизүүгө;
- молекулярдык жана атомдук физиканы окутууда апробацияланган методикаларды колдонууга мүмкүндүк берген.
5. Илимий наамдары:
- Доцент
- Профессор
6. Академиялык наамдар:
- Москва шаары, РФ – Педагогикалык билим берүүнүн эл аралык академиясынын корреспондент-мүчөсү
- К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ардактуу профессору (2010)
7. Илимий-методикалык эмгектери:
Жалпысы – 330 эмгек, анын ичинен:
- 3 монография (анын бири Германияда жарык көргөн)
- 1 окуу китеп
- 1 кыргызча физикалык терминдердин түшүндүрмө сөздүгү
- 3 Кыргызпатент күбөлүгү
- 25 окуу-методикалык колдонмо
8. Негизги илимий эмгектери:
- Методическое руководство по решению физических задач. – Каракол: К.Тыныстанов атындагы ЫМУ, 2012. – 3,5 п.л.
- Физикалык окуу эксперимент боюнча адаптациялык практика. – Каракол: К.Тыныстанов ат. ЫМУ, 2015. – 3 б.т.
- Методика профессионального образования: Окуу колдонмо. – Бишкек: И.Раззаков ат. КТУ, 2017. – 14 п.л. (авторлош).
9. Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо:
Анын жетекчилиги астында даярдалган:
- 1 илим доктору
- 4 илим кандидаты
- 35 магистр
10. Мамлекеттик сыйлыктары:
- Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги (1996)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы (2019)
- МККЖ ССР Жаштар Союзунун, КР Билим берүү министрлигинин, СССР Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Ардак грамоталары
11. Эмгек жолунан үзүндү:
- К.Тыныстанов атындагы ЫМУ (мурдагы ПГПИ) – окутуучу, ага окутуучу, кафедра башчысы (1971–2002)
- Совет армиясында кызмат өтөгөн (1972–1973)
- СССР АПНнин Окутуунун мазмуну жана ыкмалары институтунун аспиранты (1975–1978)
- ЫМУдагы илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы (2002–2006)
- Кыргыз билим берүү академиясынын улук илимий кызматкери (2007–2010)
Ж.Баласагын атындагы КУУнун ИЦПППК кафедрасынын профессору (2010-жылдан азыркы учурга чейин).