Бул окуяга арналган салтанаттуу иш-чара 2025-жылдын 15-сентябрь күнү окуу жайдын алдындагы аянтчада болуп өттү.

Жыйын Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин гимни менен башталып (сөзү – Жалил Садыковдуку, музыкасы – Сардарбек Жумалиевдики), КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоевдин видео-куттуктоосу менен уланды. Ал Улуттук университеттин жалпы студенттери менен эмгек жамаатын жаңы окуу жылынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктап, төмөндөгүлөргө токтолду:

“Университеттин босогосун жаңыдан аттаган жаштарга айтаарым: сиздер университетибиздин 100 жылдык мааракеси учурунда студенттик жашоону баштап жатасыздар. Сиздер жаңы доордун өкүлү катары билимге, илимге жана чыгармачылыкка умтулуу менен өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө маанилүү салым кошосуздар. Сиздердин ар бир жетишкендигиңиздер – Улуттук университетибиздин да, эгемендүү Кыргызстаныбыздын да сыймыгы. Окуу менен катар өз алдынча ой жүгүртүүгө, чыгармачылыкка жана коомго пайдалуу иш-аракеттерге умтулуңуздар. Жогорку курстун студенттери болсо, алган билимиңиздерди тереңдетип, илимдин, технологиянын жана маданияттын чөйрөсүндө жаңы жетишкендиктерге жетишиңерге тилектешмин.

Быйыл университетибиз 100 жылдык даңазалуу мааракесин белгилөөдө. Бир кылым ичинде 192 миңден ашуун бүтүрүүчү бул уядан билим алып чыгып, өлкөбүздүн бардык тармагында иштеп, элибизге кызмат кылып келишет. Алардын катарында эл мугалимдери, эл жазуучулары, көрүнүктүү окумуштуулар, мамлекеттик ишмерлер жана олимпиадалык чемпиону Каныбек Осмоналиев азыркы учурда биздин арабызда эмгектенип жүрөт. Бул – Улуттук университеттин өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кошкон салымынын айкын далили. 

Урматтуу кесиптештер! Жаңы окуу жылы бардыгыбыз үчүн жемиштүү, шыктандыруучу жана ийгиликтерге толгон болсун! Ар бир үй-бүлөгө бакыт, тынчтык жана береке каалайм. Ар бир студентибиз илимде жана чыгармачылыкта жогорку жетишкендиктерге жетсин. Эгемендүү Кыргызстандын келечеги сиздердин колуңуздарда!”.

Биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев быйылкы 1-курстун студенттери өзгөчө студенттер экенин белгилеп, ” Себеби ушул жылдын октябрь айында биз сиздер менен университетибиздин 100 жылдык мааракесин белгилейбиз. Азыр эле ректорубуз белгилеп кеткендей, сиздер 30 миң студенттин, 3 миңден ашуун кызматкерлердин башын бириктирген Улуттук университеттин мүчөсү болуп жатасыздар. Мен сиздердин жакшы окуп, жакшы билим алып, келечекте Кыргызстанды өнүктүрө турган мыкты адистерден болуп чыгышыңыздарга тилектешмин”, – деди. Проректор о.э. жыйынга катышып жаткан 1-курс студенттерине КУУнун проректорлорун, институт директорлорун, факультет декандарын жана студенттер менен түздөн-түз иш алып бара турган жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин жетекчисин тааныштырып өттү.

Улуттук университеттин студенттерин жаңы окуу жылынын башталышы менен Кыргыз Республикасынын Баатыры, тарых жана чөлкөм таануу институтунун окутуучусу Алиясбек Алымкулов да куттуктады.

Ушул жылдын 25-октябрында өзүнүн 100 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улутттук университетинин тарыхы тууралуу Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы, тарых илимденинин кандидаты, доцент Темиркул Асанов кыскача маалымат берди.

Салтанаттту иш-чара аяктаган соң, институт директорлору менен факультет декандары өздөрүнүн студенттерине барып, окуу жайдын башкы имараты менен тааныштырып, андан кийин институт/факультет жайгашкан окуу имараттарына алып кетишти.

Добавить комментарий