2025-жылдын 12-сентябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «2-окуу жылындагы PhD-докторантардын илимий-изилдөө иштерин апробациялоо» аталышындагы эл аралык илимий конференция болуп өттү.

Жыйынды докторантура мектебинин директору Алмазбек Дооранов ачып, 3-жолу өткөрүлүп жаткан конференцияга Кытай, Казакстан, Түрция жана Россиядан өкүлдөр, докторанттардын илимий жетекчилери, багыттар боюнча академконсультанттар жана PhD-докторанттар катышып жатканын кабарлап, сөз кезегин илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулуна берди.

Проректор КУУнун жетекчилигинин атынан катышуучуларды маанилүү илимий жыйындын башталышы менен куттуктап, бүгүнкү конференция – жөн гана докладдардын жыйыны эмес, талкууларга, сын-пикирлерге жана конструктивдүү сунуштарга толгон аянтча болооруна ищенээрин билдирди. Анын айтымында, философия доктору (PhD) – бул илимий жетилгендиктин, өз алдынча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө даярдыктын белгиси. Ал эми илимий натыйжаларды апробациялоо – гипотезаларды текшерүүгө, тыянактарды тактоого жана изилдөөлөрдү дагы терең жана ынанымдуу кылууга мүмкүндүк берет. – Улуттук университет үчүн докторантура мектебин чыңдоо өзгөчө мааниге ээ, анткени PhD изилдөөлөр аркылуу университеттин жана бүтүндөй мамлекеттин илимий потенциалы калыптанат. Бардык катышуучуларга жемиштүү иш, жаңы идеялар жана кесиптик ийгиликтерди каалайм. Бүгүнкү конференция университетибиздин илимий аброюн чыңдоого жана Кыргызстандын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кезектеги чоң кадам болсун, – деп сөзүн жыйынтыктады Мырзабек Камчыбек уулу.

Андан кийин илимий конференцияда төмөндөгү баяндамалар окулду:

  • Мамбеталиева Гульзамира Мунуровна – PhD-23 тайпасынын докторанты: «Two Worlds – Two Languages» –  «Эки дүйнѳ – эки тил» (англис тилинде);
  • Баялиева Эльзат Жанболотовна – (PhD)-22 тайпасынын докторанты: «Сөз катышпаган математикалык маселелерди иштеп чыгуунун усулдугу» (мамлекеттик тилде).

Пленардык жыйын аяктап, тыныгуудан кийин эл аралык илимий конференциянын иши секцияларда уланды.

  • Секция №1. Юриспруденция. Тарых. Философия
  • Секция №2. Экономика. Экономика жана башкаруу. Бизнес башкаруу.
  • Секция №3. «Менеджмент»
  • Секция №4. «Педагогика»
  • Секция №5. Психология
  • Секция №6. Журналистика
  • Секция №7. Программалык инженерия
  • Секция №8. Лингвистика.

Пленардык отурум

Секциялык отурумдар

Добавить комментарий