Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институтунун окумуштуулары, профессор Темирлан Чаргынов менен Келдибек Касымкулов Франциянын Жонзак шаарындагы Ше-Пино археологиялык эстелигинде өтүп жаткан “Борбордук Азиялык жаш изилдөөчүлөр үчүн француз археологиясы боюнча мастер-класс” аттуу эл аралык жайкы талаа мектебине катышып жатышат.

Мастер-класс 2025-жылдын 6-сентябрында башталып, 17-сентябрына чейин уланат.

Мастер-класстын программасы төмөнкү багыттарды камтыйт:

  • палеогенетика, палеопротеомика, зооархеология жана археозоология боюнча лекциялар;
  • таш индустрияларын изилдөөдө колдонулуучу статистика жана планиграфиялык талдоо;
  • региондогу археологиялык эстеликтерге экскурсиялар;
  • Ше-Пино археологиялык эстелигинде эл аралык археологиялык казууларга катышуу.

Казуунун жетекчилери: PhD У.Ренду (Франция), тарых илимдеринин доктору К.Колобова (Россия), тарых илимдеринин кандидаты С.Шнайдер (Германия) жана тарых илимдеринин кандидаты Т.Чаргынов (Кыргызстан).

Бул жайкы мектеп төмөнкү багыттардагы жаш илимпоздорго арналган:

  • зооархеология
  • археология
  • антропология

Бул иш-чара Кыргызстандан, Франциянын Улуттук археологиялык изилдөөлөр институтунун адистери, Италиядан, Перудан, Казакстандан, Россиядан жана Өзбекстандан, Тажикастандан келген алдыңкы изилдөөчүлөр катышууда ошондой эле бул талаа мектеби эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү платформа болуп саналып жаңы илимий демилгелерге жол ачары шексиз.

Эскерте кетсек, Ж.Баласагын атындагы КУУ бул маанилүү илимий долбоордун өнөктөшү жана уюштуруу комитетинин мүчөсү болуп саналат.

Профессор Темирлан Чаргынов 2023-жылдан бери Ше-Пино эстелигиндеги археологиялык казууларга  жетекчилик кылып келет. Анын илимий тажрыйбасы жана жетектөөчүлүк иши кыргыз археологдорунун эл аралык илимий кызматташтыктагы ордун чыңдап, жаш изилдөөчүлөр үчүн чоң үлгү болууда.

(С) Касымкулов К.Н. – АЭБжТ кафедрасынын мугалими

Добавить комментарий